Умар ибн аль-Хаттаб, радыяллаху анху, риваят кылган хадисте Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты: «Чындыгында, иш-аракеттер ниеттерге ж...
Сахих (ишенимдүү)
Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)

Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, бардык иш-аракеттерде ниеттер эске алынарын кабар берип жатат. Бул өкүм бардык ибадаттарда жана соода-сатыктар...
Айша (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Ким биздин ишибизге андан болбогон...
Сахих (ишенимдүү)
Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кимде-ким динде бир нерсени ойлоп тапса, же Куран жана сүннөттө далили жок амалды аткарса,...
Умар ибн аль-Хаттаб, радыяллаху анху, мындай деди: «Күндөрдүн биринде биз Аллахтын элчисинин жанында олтурган элек. Ошол учурда жаныбызга аппак кийимч...
Сахих (ишенимдүү)
Муслим жазып калтырган

Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, Умар ибн аль-Хаттаб, радыяллаху анхуга, Жебреил периште сахабаларга белгисиз бир кишинин кейпинде келгендигин...
Абдулла бин Умар (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Ислам беш нерсеге (түрк...
Сахих (ишенимдүү)
Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)

Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Исламды бекем курулушка окшоткон. Ал курулушту кармап турган түркүктөрү Исламдын беш түркүгү, а...
Муаз, радыяллаху анху, риваят кылат: Күндөрдүн биринде Пайгамбарыбыз, саллаллаху алейхи уа саллам, менен Уфайр аттуу эшектин үстүндө учкашып бара жатк...
Сахих (ишенимдүү)
Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)

Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, Аллахтын пенделердеги акысын жана пенделердин Аллахтагы акысын баяндап берди. Аллахтын пенделердин үстүндөгү а...

Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, бардык иш-аракеттерде ниеттер эске алынарын кабар берип жатат. Бул өкүм бардык ибадаттарда жана соода-сатыктарда жалпы болоору айтылды. Ошондуктан кимде-ким өз ишинде пайда көрүүнү ниет кылса, анда ал бул ниети менен пайдадан башка эч нерсеге жетпейт жана ага эч кандай сооп да болбойт. Ал эми кимде-ким өз иши менен Аллах Таалага жакындоого ниет кылса, анда ал иши жеп-ичүү сыяктуу катардагы иш болсо да, ал бул ниети менен соопко жана сыйлыкка жетет. Андан кийин, Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, ниет менен амалдар сырткы сүрөтүнөн бирдей болгонуна карабастан ниеттин амалдарга тийгизген таасирин көрсөтүү үчүн мисал келтирди. Ошондуктан Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, кимде-ким хижрат кылууга ниет кылып Раббисинин ыраазычылыгын көздөп мекенин таштап кеткен болсо, анда анын хижраты кабыл болгонун, Ислам шариятына дал келген хижрат экенин жана ниетинин чынчылдыгынан улам хижранын сообуна да ээ болорун ачык айтты. Ал эми кимде-ким хижрат кылуу менен акча, кадыр-барк, соода же аял сыяктуу дүнүйөлүк пайданы ниет кылса, анда ал хижраттан ал ниет кылган пайдасына гана жетет жана ага сооптон үлүш болбойт.
Hadeeth details

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кимде-ким динде бир нерсени ойлоп тапса, же Куран жана сүннөттө далили жок амалды аткарса, ал аны аткарган ээсине кайтарыларын, кабыл болбостугун баяндаган.
Hadeeth details

Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, Умар ибн аль-Хаттаб, радыяллаху анхуга, Жебреил периште сахабаларга белгисиз бир кишинин кейпинде келгендигин кабарлап жатат. Ал кишинин сыпаттары – кийими өтө аппак, чачы өтө кара. Чарчагандай, чаң баскандай, чачы жүдөгөй, кийими кирдегендей болуп сапардын белгиси көрүнбөйт. Ал жерде отургандардын эч кимиси аны тааныбайт. Алар Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, менен бирге отурганда, ал киши Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламдын, алдына үйрөнүүчү катары отуруп, андан Ислам жөнүндө сурады. Ошондо Пайгамбар ага эки күбөлүккө моюн сунуу, беш убак намазды окуу, татыктууларга зекет берүү, Рамазан айынын орозосун кармоо жана мүмкүнчүлүгү барларга ажылык парзын аткаруу сыяктуу Ислам түркүктөрүн айтып жооп берди. Суроо узаткан: Туура айттың деп айтты. Ошондо, сахабалар анын бул суроолорду билбестигинен сурап анан аны тастыктап жатканына таң калышты. Андан кийин ал киши Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламдан, ыйман жөнүндө сурады. Ошондо ал Аллах Тааланын бар экенин жана Анын сыпаттарына ыйман келтирүү тууралуу, жаратуу сыяктуу иштерде Аллах жалгыз экенин, ибадат Жалгыз Ага гана болоорун айтты. Жана Аллах нурдан жараткан периштелер алар Аллах Таалага каршы чыгышпайт, Анын буйругу менен иш кылышат, ар дайым ибадатта болушат деп аларды айтты. Жана Пайгамбарларга Аллах Тааладан түшүрүлгөн Куран, Тоорат, Инжил ж.б. китептерге жана Аллахтын динин Аллахтын атынан жеткирген элчилерге, алардын арасынан Нух, Ибрахим, Муса, Иса, жана акыркы пайгамбар Мухаммад, саллаллаху алейхи уа салламга ж.б. пайгамбарларга жана элчилерге ыйман келтирүү деп айтты. Жана Акырет күнүнө ыйман келтирүүнү айтты. Акырет күнүнө ыйман келтирүүгө өлгөндөн кийин кабырда боло турган нерселер, Барзах ааламындагы жашоо, адамдын өлгөндөн кийин кайра тирилүүсү, сурак берээри жана анын кайра барар жери Бейиш же Тозок болоору ж.б.у.с. нерселер кирээрин айтты. Жана Аллахтын бардык нерселерди Өзүнүн алдын ала билгенине, даанышмандыгына, жазуусуна жараша тагдыр кылганына ыйман келтирүүнү айтты. Жана ал нерселер Аллахтын каалоосу менен болоору жана алардын ишке ашуусу Аллахтын тагдыр кылганына жана жаратканына жараша болооруна ыйман келтирүү деп алты түркүктүн баарын айтып жооп берди. Андан кийин ал киши Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламдан, ихсан жөнүндө сурады. Ага Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, ихсан бул Аллахты көрүп тургандай ибадат кылуу экенин айтты. Эгерде ал ихсандын бул даражасына жетпесе, анда Аллах Таала аны көрүп тургандай ибадат кылсын. Ихсандын биринчи даражасы – бул Аллахты көрүп тургандай ибадат кылуу. Ал эң жогору даража. Ал эми экинчи даражасы – бул Аллах Таала аны көзөмөлдөп тургандай ибадат кылуу. Андан кийин ал киши Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламдан, Кыямат качан болорун сурады. Ошондо Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, Кыяматтын качан болорун билүү Аллахтын Өз илимине жашырылган нерсе экенин жана аны макулуктардан эч ким, жада калса ал жөнүндө суралуучу да, сурап жаткан да билбей турганын баяндады. Андан кийин Пайгамбардан Кыяматтын белгилери жөнүндө сурады. Кыяматтын белгилеринен күң аялдардын жана алардын балдарынын көптүгү, же күңгө мамиле кылгандай энелерине баш ийбеген балдардын көптүгү. Жана Акыр заманда чабандар жана кедейлер үчүн дүнүйө кеңейип, алар имараттарды жасалгалоо жана куруу менен сыймыктанышы тууралуу айтты. Андан кийин Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, бул суроону сахабаларга ушул акыйкат динди үйрөтүү үчүн келген Жабраил периште экенин айтты.
Hadeeth details

Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Исламды бекем курулушка окшоткон. Ал курулушту кармап турган түркүктөрү Исламдын беш түркүгү, ал эми Исламдын башка жөрөлгөлөрү курулушту толуктап бүтүрөт. Бул түркүктөрдүн биринчиси: эки күбөлүк; Аллахтан башка ибадатка татыктуу кудай жок жана Мухаммад Анын элчиси деген күбөлүктөр. Бул экөө бири-биринен ажырагыс болгон бир түркүк. Пенде бул эки күбөлүктү Аллахтын жалгыздыгын, Ал гана ибадатка татыктуу экендигин, Андан башка ибадатка татыктуу жоктугун моюндап айтат. Бул күбөлүктүн талабын аткарып амал кылат. Мухаммаддын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) алып келген динине ишенип, анын артынан ээрчийт. Экинчи түркүк: Намаз окуу. Бул бир сутка ичинде окула турган беш убак парз намаз. Алар: Багымдат, бешим, дигер, шам жана куптан. Намаз окуганда анын (сырткы) шарттары, (ички) үрүкүн-парздары жана ваажыбдары толук аткарылуусу керек. Үчүнчү түркүк: Парз болгон зекетти берүү. Бул шариятта чектелип көрсөтүлгөн чек-өлчөмгө жеткен малдан милдеттүү түрдө бериле турган байлыкка тиешелүү ибадат. Зекет аны алууга ылайыктуу болгон адамдарга берилет. Төртүнчү түркүк: Ажы кылуу. Бул Аллахка кулчулук кылуу үчүн Меккени максат кылып барып, анда ажылыктын талап, тартиптерин аткаруу. Бешинчи түркүк: Рамазан айында орозо тутуу. Бул таң аткандан баштап, күн батканга чейин Аллахка кулчулук кылуу ниети менен жегенден, ичкенден ж.б. орозону буза турган иштерден сактануу.
Hadeeth details

Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, Аллахтын пенделердеги акысын жана пенделердин Аллахтагы акысын баяндап берди. Аллахтын пенделердин үстүндөгү акысы – алар жалгыз Ага ибадат кылуулары жана Ага эч нерсени шерик кылбоо экендигин айтты. Ал эми пенделердин Аллахтагы акысы – Ага эч нерсени шерик кошпогон муваххиддерди азаптабашы. Андан кийин Муаз айтты: Оо, Аллахтын Элчиси, мен адамдарга сүйүнчүлөп, алар бул жакшылыкка кубанып, сүйүнүшпөсүнбү? - деп сурады. Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам: «Ушуга гана таянып калышат» - деп коркуп, аны тыйды.
Hadeeth details

Муаз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) артында, анын улоосуна учкашып бараткан. Аны: "Эй, Муаз!" - деп үч жолу чакырган, анткени ага айта турган сөзү өтө маанилүү экенин билдирген. Анын ар бир чакырыгына Муаз (ага Аллах ыраазы болсун) "Лаббайка, я расуулуллоохи, ва саъдайка" деп "Сизге кайра-кайра жооп кайтарууга даярмын, о Аллахтын элчиси, сизге жооп берүү мен үчүн бакыт алып келет деп үмүт кылам" - деп жооп берип жатты. Ошондон кийин пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кимде-ким "Лаа илааха иллаллооху" деп т.а. Аллахтан башка ибадатка татыктуу кудай жок, Мухаммад болсо Аллахтын элчиси деп жалган эмес, чын жүрөгүнөн күбөлүк берсе, анан ошол абалында өтүп кетсе, Аллах аны тозокко киргизбестигин кабарлады. Муаз (ага Аллах ыраазы болсун) пайгамбарыбыздан (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) анын айтканын адамдарга кабарлап, аларды кубантып сүйүнчүлөйүнбү деп сурайт. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) адамдар ошого үмүт артып, башка амалдарын таштап коёбу деп чочулайт. Муаз (ага Аллах ыраазы болсун) бул хадисти өлүм сааты жакындаганга чейин эч кимге айткан эмес. Өлүмүнө жакын хадисти айтпай жашырганы үчүн күнөөкөр болуп калуудан коркуп айткан.
Hadeeth details

Пайгамбарыбыз (ага Алллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кимде-ким "лаа илааха иллаллоох" деп тактап айтканда, Аллахтан башка ибадатка татыктуу кудай жок деп тили менен айтса, күбөлүк берсе, анан Аллахтан башка сыйынып жүргөн нерселеринен баш тартса, Исламдан башка бардык диндерден баш тартса, анын каны жана малы мусулмандарга арам болорун кабарлаган. Биз анын сырткы амалына гана карайбыз, анын малы тартып алынбайт,каны төгүлбөйт. Бирок кокус кылмыш кылып, же жазага кириптер болуп калса гана Ислам өкүмдөрү менен кылмышына жараша өкүм чыгарылат. Ал эми анын эсеп-кысабын кыямат күнү Аллах жүргүзөт, эгер айтканында чынчыл болсо сообун алат, эгер эки жүздүүлүк кылып жалган айткан болсо жазасын алат.
Hadeeth details

Бир киши Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламдан, өзгөчө эки маселе туурасында сурады. Алар: Бейишке киргизген амал жана тозокко түшүргөн амал. Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, ага: "Бейишке киргизген нерсе - ал адам Аллахка сыйынып жана ага эч нерсени шерик кылбай өтүшү" - деп жооп берди. Бир киши Пайгамбардан, саллаллаху алейхи уа саллам, эки өзгөчө маселе туурасында сурады. Алар: Бейишке киргизген жана тозокко түшүргөн нерсе.
Hadeeth details

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кимде-ким Аллах Таалага аткарыла турган кайсы бир ишти, мисалы Аллахтан башкага дуба кылуу, Андан башкадан жардам суроо сыяктуу иштерди кылса жана ошентип жүрүп дүйнөдөн өтүп кетсе, ал тозоктун тургуну болорун кабарлаган. Ал эми Абдуллах бин Масуъд (ага Аллах ыраазы болсун) буга кошумчалап, кимде-ким Аллахка эч нерсени шерик кылбай (Аллахтын өзүнө ибадат кылып) жүрүп дүйнөдөн өтсө, анын турагы бейиш болорун айткан.
Hadeeth details

Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, Муьаз ибн Жабал, радыяллаху анхуну, Йемен жергесине Аллахка чакыруу үчүн жана динди үйрөтүү үчүн жиберип жатканда, ал христиан коому менен жолугушаарын жана алар менен жолугууга даяр болуусун кабарлады. Андан кийин аларга даават кылганда эң маанилүүсүнөн баштаарын айтты. Ошондуктан Муьаз ибну Жабал баштап аларды: «Аллахтан башка сыйынууга татыктуу кудай жок, Мухаммад Аллахтын элчиси» - деп күбөлүк беришип, акыйдаларын оңдоого чакырды. Анткени алар бул келимени айтуу менен Исламга киришет. Муьаз ибну Жабал алар Исламды кабыл алышканда аларды намаз окууга буйурду. Анткени намаз таухид келимесинен кийинки эң улуу парз. Андан кийин алар намазды окушканда, алардын байларына мал-мүлктөрүнүн зекетин кедейлерине берүүгө буйурду. Андан кийин Зекетке малдын эң жакшысын алуудан тыйды. Анткени малдын орточосунан алуу важип. Андан кийин Муьаз бин Жабалга зулум чеккен адам дуба кылбоо үчүн Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, ага зулумдук кылуудан сактанууну насаат кылды. Анткени зулум чеккен адамдын дубасы сөзсүз кабыл болот.
Hadeeth details

Пайгамбарыбыз, саллаллаху алейхи уа саллам, кыямат күнү анын шапааты менен эң бактылуу адам: «Лаа илааха иллаллах, б.а. Аллахтан башка сыйынууга татыктуу кудай жок» - деп эл көрсүн дебей жана ширк кылбастан, чын ыклас менен жүрөгүнөн айткан адам экендигин кабар берип жатат.
Hadeeth details

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ыймандын амалды, ишенимди жана сөздү ичине камтыган бир канча бутактары жана түрлөрү бар экенин кабарлады. Ыймандын түрлөрүнүн эң абзели: "Лаа илааха иллаллоох" келменин маанисин түшүнүү менен, талабын аткарып амал кылуу менен айтуу. Чынында, Аллах Таала ибадат кылууга татыктуу Жалгыз Кудай, Андан башка ибадатка татыктуу кудай жок. Ыймандын амалдарынын эң азы адамдарга зыянын тийгизе турган нерселерди алардын жолунан тазалап алып таштоо. Андан кийин пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) уяттуулук да ыймандын бир бөлүгү экенин айткан. Уяттуулук бул жаман ишти таштап, жакшы ишти кылууга түрткү болгон кулк-мүнөз.
Hadeeth details