Ким биздин ишибизге андан болбогон жаңы ишти киргизсе, ал кайтарылат
Айша (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Ким биздин ишибизге андан болбогон жаңы ишти киргизсе, ал кайтарылат ". Муттафакун алайхи. Муслимде: "Ким биздин ишибизде жок амалды аткарса, ал кайтарылат".
Сахих (ишенимдүү)
Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
Explanation
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кимде-ким динде бир нерсени ойлоп тапса, же Куран жана сүннөттө далили жок амалды аткарса, ал аны аткарган ээсине кайтарыларын, кабыл болбостугун баяндаган.
Hadeeth benefits
Ибадаттар Куран жана сүннөттө келген далилдерге карап дайындалган. Аллах Таалага Ал шарият кылган нерсе менен гана ибадат кылабыз, жаңы пайда болгон жана ойдон чыгарылган нерсе менен эмес.
Дин оюна келгенди же көңүлүнө жакканды аткаруу менен болбойт, Аллахтын элчисин (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ээрчүү менен болот.
Бул хадис диндин толуктугуна далил.
Динде жаңыдан пайда болгон, пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жана сахабалардын убагында болбогон акыйда ишенимге, сөзгө, амалга тиешелүү иштин баары - бидаат (диндеги жаңылык).
Бул хадис Ислам негидеринин бири, бул амалдагы тараза сыяктуу. Аллахтын ыраазылыгы көздөлбөгөн бардык амалдар, аны аткаруучуга сооп болбойт. Ошондой эле Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) алып келген жолго дал келбесе, ал аткарган адамга кайра кайтарылат.
Жаңыдан пайда болгон тыюу салынган иштер динге гана тиешелүү, дүйнө иштерине тиешелүү эмес.
Share
Use the QR code to easily share the message of Islam with others